• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жуманазарова: Чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула

8 Тогуздун айы 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Балбан кыздын мелдештен кийинки маегин «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюму YouTube баракчасына жарыялады.

“Дүйнө чемпионатында жеңишке жеткениме кубанып турам. Атаандашым менен килем үстүндө экинчи жолу жолугушум. Чоң максаттарды коюп, ага жеткиле. Эч нерседен коркпогула. Мүмкүн эмес деген нерсе жок”, — деди Жуманазарова.

Эске салсак, Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 7-октябрда финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 68 килограмм салмак категориясы боюнча экинчи орунга көтөрүлдү. Жуманазарова кыргызстандык балбандардын арасында дүйнө чемпиону болгон экинчи спортчу болуп калды.

Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Количество просмотров: 164