Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Токио Олимпиадасына бөлүнгөн квоталарга байланыштуу делегациянын расмий билдирүүсүн жарыялады.
Токиодогу оюндардын уюштуруучуларынын талаптарына ылайык, квота президенттик администрациянын расмий делегациясына, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилген. Башкача айтканда, делегациянын мүчөлөрү үчүн Эл аралык Олимпиада комитетинин Аткаруу комитети тарабынан жеке квоталар берилген.
«Улуттук командга башкы машыктыруучу, улук машыктыруучу, медициналык персонал (дарыгерлер, массажисттер жана COVID-офицери) кирген. Олимпиадалык оюндарга спортчулардын даярдыгы жана чыгышы үчүн эл аралык тажрыйбасы бар башкы жана улук машыктыруучу жооп берет — Изабеков Нурбек Канатбекович жана Байгазы Кенжебаев. Кичинекей кезинде аларды машыктырган спортчулардын биринчи машыктыруучуларына квота каралган эмес. Бекитилген эл аралык нормаларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык биринчи машыктыруучулар, курсанттар учурунда, өспүрүмдөр кездеги машыктыруучулар спортчу курама командага киргенде өз тарбиялануучуларын өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучусуна өткөрүп беришет. Биринчи машыктыруучу делегациянын курамында барышы керек деген пикир жаңылыш, антпесе бардык спортчулардын биринчи машыктыруучуларына квота берилиш керек болчу. Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрүнүн жана федерациялардын өкүлдөрүнүн сапарына байланыштуу Мамлекеттик агенттик аларга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнүн белгилейт. Алар дагы УОКтун квотасы менен барышкан. Президенттин администрациясынын жана Мамлекеттик спорт агенттигинин кызматкерлеринин сапары мамлекетти эл аралык аренада көрсөтүү жана спортчуларыбыздын даярдык көрүү жана жашоо шарттарын көзөмөлдөө үчүн зарыл. Биз спортсмендерибиздин атасы Жуманазаров Дүйшөнгө Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган мындай спортчуларды жана инсандарды тарбиялагандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана ал Олимпиаданын уюштуруучуларынын эрежелерин жана талаптарын түшүнөт деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө .