• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумгал районунда нааразалык акциясы өтүп, жол тосулду

10 Жалган куран 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-мартта Нарын облусунун Жумгал районунда нааразалык акциясы өттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” жазды.

Маалыматка ылайык, жумгалдыктар автожолдун абалына нааразы болуп, жол тосушту.

Жергиликтүүлөр Кочкордон Жумгалга бурулган жерден баштап Чаек айылына чейинки жолдун абалы өтө начарлап, каттоого мүмкүн болбой калганын айтышты.

Нааразы болгондор эртең менен Жумгал айылынын кире беришине чогулуп, жолдун эки тилкесин тең тосуп, машиналарды өткөрбөй коюшту. Жол тосууга болжол менен 100дөн ашуун тургун чогулган.

Алар менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, район акими Залкар Бозбалаев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин акция токтоду.

Бийлик өкүлдөрү акцияга чыккандар менен райондук акимчиликтин жыйындар залында сүйлөшүү жүргүздү.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап турушту. Эч кандай тартип бузуу катталган жок.

Азыркы учурда жол толугу бойдон ачык.

Кыргызстанда автожолдордун көбү Советтер Союзу учурунда курулган. Кийин айрым жолдор чет жактан алынган насыяга оңдолгон. Жолдордун көпчүлүгүнүн эскилиги жетип калган

Количество просмотров: 160