• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жумгалда ата-бала 19 күндөн бери дайынсыз болууда

6 Жетинин айы 20249:37 Бишкек Govori.TV

Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кеткен ата-бала 19 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн аларды издөөгө жалпы 14 адам тартылды. Анын ичинде 7 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Количество просмотров: 501