Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы бала бакчада 5 жашар бала ур-токмокко кабылган. Наристенин жүзү көгөрүп, денесинде тактар байкалган. Бул тууралуу Тurmush басылмасы жазды.
Андагы маалымат боюнча, окуя 12-декабрында болгон. Ал боюнча Жумгал РИИБге арыз түшүп, иш азыркыга чейин тергөөдө, бирок жыйынтык чыга элек.
Белгиленгендей, бала бакчадагы окуя видеобайкоого түшүп калган. Бирок, электр жарыгы өчүп калган деген шылтоо менен бакчанын жетекчилиги толук видеосун көрсөткөн эмес.
Ал эми Жумгал РИИБ учурда жабыркаган баланын жакындарынын айтымында соттук медэкспертиза дайындалып, анын жыйынтыгын күтүлүр жатканын маалымдаган.
«Аталган айылдын 1989-жылы туулган тургуну С.К. арызынын негизинде 12-декабрында саат 13:00 чамасында уулу 2019-жылы туулган Э.Ш аттуу баласын С. аттуу тарбиячы айым ур-токмокко алып, азыркы учурда ооруканада жатат деп арыз берген. Текшерүүдө аталган бакчанын тарбиячысы 1977-жылы туулган С.М. экенин аныкталып, тергөө иштери башталган», — деп жазылат маалыматта.