• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жунушали Кашкаро…Тазабек Икрамов ИИМдин министрине жаңы ысым ыйгарды

19 Бугу 2020 23:07 Бишкек Govori.TV

18-майда, Социалдык маселелер, билим берүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов ИИМдин министринин атын алмаштырып алганы талкуу жаратты.

Анда Тазабек Икрамов ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевди, Жунушали Кашкаро деп айтып алып, элдин оозуна кайрадан алынды.

— Баяндамачы Кыргыз республикасынын ички иштер министринин орун баса…министри Жунушали Кашкаро…Астаканович.

— Сөз баяндамачы, урматтуу…орун басары келген бу жерге ээ…Кенжекул Исламбек…

— Тазабек Икрамович, мен Орозалиев!

— А, Орозалиев ээ…ички иштер министринин орун басары…

Социалдык тармактарда талкуу кызуу жүрүп, Кыргызстанда жаңы министр пайда болду деп тамашалап жатышат.

Жунус Каримов Жазуу боюнча экзамен алып, ушул сөздүн туура жазылышына суроо койсо же тест кылып койсо канча пайызы туура жооп беришет болду экен э))

Бакай Абдымалик НВД деген ушу го дейм анда :)

Количество просмотров: 1936