• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жунушалиев: Аба каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт

31 Жалган куран 2021 13:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта “Кабар” агенттигинде аба каттамдарды көбөйтүү жана авиабилеттердин баасын арзандатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат жыйын өтүүүдө.

Жарандык авиациянын директору Бакыт Жунушалиев дин айтымында аба каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт.

«Учурда бир эле Орусияга чектелүү болуп жатат. Эмнеге дегенде Орусияда ушул маселени чече ала турган керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) деген бир эле мамлекеттик орган бар экен. Биз Орусия авиациясы менен иштеп жатабыз. Ал эми биздин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Орусиянын Транспорт министрлиги менен иштеп жатат. Биз тараптан Орусия тарапка каттамдардын санын көбөйтүү сунушу менен каттарды жиберип жатабыз. Каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт», — дейт Бакыт Жунушалиев.

Количество просмотров: 85