• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Али Токтакунов суракка чакырылды

22 Кулжа 202121:23 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Токтакунов суракка октябрдагы окуялар боюнча чакырылган.

«Октябрь окуяларына байланыштуу суракка чакырылдым. Күбө катары. Эртең саат 10:00гө барам»,-деп жазды ал.

Буга чейин октябрь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы суракка чакырылган.

Количество просмотров: 190