• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Али Токтакунов: Журналисттерди оозун жаап, офисин өрттөп кетүү чакырыктары менен коркута алышпайт

14 Тогуздун айы 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Журналисттерди оозун жаап, офисин өрттөп кетүү чакырыктары менен коркута алышпайт. Мындай пикирин иликтөөчү журналист Али Токтакунов билдирди.

«Журналисттерге каршы куугунтук ар бийликтин тушунда болуп келген. Деген менен бизде сөз эркиндигин коргоо деми болуп көрбөгөндөй бекемделди. Бүгүнкү күндө кыргыз журналисттери коңшу өлкөнүн элинин аң сезимине таасир эте турган деңгээлге жеткенин Баткен окуялары көрсөттү. Журналисттерди оозун жаап, офисин өрттөп кетүү чакырыктары менен коркута алышпайт. Бул тескерисинче биздин ынтымагыбызды бекемдейт. Бүгүнкү күндө журналисттер элдин таянычы экенин бир нече ирет далилдешти. Азыр жарандар бийликке эмес, журналисттерге көбүрөөк кат жазат. Нормалдуу бир диалогго баруу менен сын пикирди угуу керек»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндигин коргоо, көз карандысыз медиаларга кысымды токтотууну талап кылган жөө жүрүш өттү. Катышуучулар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин басышты.

Количество просмотров: 332