• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Журналист Дилбар Алимованы УКМКга чакырышты

6 Бугу 202311:59 Бишкек Govori.TV

«ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова УКМКга чакырылды. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, чакыруу тууралуу расмий кагаз келген эмес.

«УКМКнын Бекжан деген кызматкеримин» деп бирөө чалды. «Келип кетиңизчи, бир-эки сурообузга жооп беришиңиз керек болуп жатат» деп. Мен расмий түрдө чакырбасаңар барбайм десем, «тоодо эс алып жүрөм, 10-майда шаарга барам» десем, «Жок, азыр келишиңиз керек. Болбосо биз барып алып кетебиз, Кой-Ташта жүрөт экенсиз» дейт. Ошол, жаңылыкты карап тургула», — деп жазды Алимова.

Количество просмотров: 252