• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Нарын Айып 72 жашында дүйнө салды

13 Бирдин айы 202517:42 Бишкек Govori.TV

Белгилүү журналист Нарын Айып бүгүн, 13-февралда дүйнө салды. Бул тууралуу 7-каналдын жетекчиси Илязбек Балташев тастыктады.

Ал иштеп жаткан жеринен жүрөгү кармап каза болгон.

Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.

1993-жылдын башында ошол кезде Мюнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылы апрелден октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген.

1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мюнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору болуп эмгектенген.

2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон.

Андан кийин Кыргызстандагы бир катар медиаларда кызмат кылып, кийин 5-каналда алып баруучу, редактор, соңку кездери “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.

Govori.TVнын эмгек жамааты Нарын Айыптын жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 410