• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарын Айыптын дааратканасы Атамбаевге тийиши мүмкүн

15 Бирдин айы 2018 12:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Октябрь райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доо арызын өндүрүү үчүн соттук процесстер өтүүдө. 15-февралда сот Кымбат Архарова укук коргоочу Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү 60 чарчы метр коттежин сатыкка коюу чечимин чыгарды. Кийинки шейшемби күнү журналист Нарын Айыптын Бишкек шаарындагы батирин сатыкка чыгаруу боюнча ишти карайт.
Нарын Айып сот аткаруучулар сатыкка коймокчу болуп жаткан батир ата-энесиники экенин айтты. Бул батир Нарын Айыптын жалгыз  батири. Мыйзам боюнча жаран акыркы баш калкалоочу жайынан ажыратылбаш керек эле.
«Бир мыйзамда жаран акыркы баш калкалоочу жайынан ажыратылбайт деп дагы жазылыптыр, дагы бир мыйзамда доогердин акчасын өндүрүп берүү үчүн сатылат деп да жазылыптыр. Карама-каршылык көп. Кийинки жумада менин батиримди сатыкка чыгаруу боюнча сот чечими чыгат, мен аны бөркүмдөй эле көрүп турам»,-дейт журналист.
Сот аткаруучулар сатыкка коюну талап кылып жаткан батир Нарын Айыптын ата-энесине таандык болчу. Апасы тирүү экенин айткан журналист,-«батирди сатышса апам эч жакка чыгып кетпейт»,-деди.
5 бөлмөлүү батир болчу, кийин өзгөртүп 4 бөлмөлүү кылып алганбыз. Ошол батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатышат экен. Дааратканасын сатышабы же каягын сатышат билбейм. Балким, батирди толук сатып акчаны бөлгөн жатышат окшойт. Апам өз үйүнөн эч жакка чыкпайт. Бирок, булардан барын күтсө болот»,-деди Нарын Айып.
Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айып пул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Айыпталуучулар апелляциялык арыз каралган учурда камакка алынган мүлктү сатыкка коюу тууралуу жараянды токтото турууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.
Башкы прокурордун экс-президент Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, «Zanoza.kg» сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.
Өлкөдөгү жана эл аралык бир катар уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалашкан.
Кыргызстан журналисттеринин эркин биримдиги, 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган.
Количество просмотров: 34