• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкүл: Атамбаев журналист Нарын Айыптын 90-жаштагы апасынын бөлмөсүн талашпай турган болду

21 Бирдин айы 2018 17:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2018.Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков эгер журналист Нарын Айып апасынын жашай турган башка жайы жок экенин далилдеп берсе алардын үйүн сатуу боюнча доону кайра алышы мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Бул мыйзамда каралып калган нерсе. Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды сот аркылуу канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылганбыз. Азыркы учурда эгер “бул жалгыз үй, ушундай үй-бүлөсү менен жашайт” деген тийиштүү далилдерди алып келип берсе сот деле аны карап туура чечим кылат деп ойлойбуз. Буга чейинки соттук процесстерде “ушул эле үйүбүз бар, үй-бүлөбүз менен ушул жерде эле жашайбыз” деген кагаз түрүндөгү далилдерди алып келишкен жок. Эгер ошондой жетиштүү далилдерди алып келип беришсе, үйдү сатып дообузду өндүрүү тууралуу арызыбызды кайра алганга даярбыз. Бизде деле бирөөнүн мүлкүн тартып алалы, басып алалы деген оюбуз жок. Ал кишиде мындай ой жок.

Нурбек Сыдыковдун айтымында, ал буга чейинки соттун чечимдери менен экс-депутат Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Масловага коюлган доолорду өндүрүү үчүн гана алардын мүлкүн сатыкка коюу тууралуу сотко арыз жазган.

Эскерте кетсек, Govori.TV агенттигине, журналист Нарын Айыптын апасы Райла Идинова «Үйүбүздү тартып алып, ушул жашта мени мөңкүрөтпөгүлө, соттор акыйкаттуу болгула»- деп сотторго кайрылган.

«Бул үйдө баламдын кылайган дагы эмгеги жок. Абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Үйдү алганда абдан кубандык эле. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Абышкам экөөбүз тең мамлекетке кызмат кылдык. Эми карып, төрүмдөн көрүм жакын калганда абышкамдын үйүн тартып алган жатышабы? Менден үйдү алып коюшса,көчөдө каламбы? Бул туура эмес. Уктай албай, кайгырып  зээним кейип жатат. Ушул жашта мени мөңкүрөтпөгүлө, ушул үйдөн сөөгүм чыкса деп тилейм»-дейт журналисттин апасы Райла Идинова.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айып пул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Айыпталуучулар апелляциялык арыз каралган учурда камакка алынган мүлктү сатыкка коюу тууралуу жараянды токтото турууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Ал эми Нарын Айып сот аткаруучулар сатыкка коймокчу болуп жаткан батир ата-энесиники экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, «Zanoza.kg» сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот өкүмү чыккан.  Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган болчу.

Количество просмотров: 28