• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Журналист Рахманов Айжигитов «кармоо учурунда жаракат алган» деген сөздү четке какты

1 Бугу 202517:20 Бишкек Govori.TV

Журналист Өткүрбек Рахманов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов жана анын жубайын кармоо учурунда денесинен жаракат алды деген маалыматтарды кагып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Айжигитовдун бөгөт чарасы каралып жатканда тартылган деген видеону жарыялады.

“Султанбай Айжигитовду да, анын жубайын да УКМК кызматкерлери «сабаган» эмес жана алар аны сабашы мүмкүн да эмес болчу. Бул тууралуу Айжигитов өзү да ачык эле интервьюларында айтып жатат. Колундагы көк ала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинага олтурбай жулкулдашып атканда пайда болгонун айтты. Ал эми кашын кантип, кандай ыкма менен жарып, анан сүрөткө тартып чыгарганы бул видеодон көрүнүп турат… Бөгөт чарасы каралганы келген сот залында Айжигитов өзү негедир столду сүзүп көргөн жана андан соң аны ооруканага алып барышкан…”, – деп жазды ал.

УКМК буга чейин Султанбай Айжигитовго жана жубайы Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат Айжигитов жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.

30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Айжигитов менен аялы Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 879