• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Журналист Султаналиев камакта калды

5 Чын куран 2024 17:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунда журналист Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калды.

Соттун чечимине ылайык, ал 13-майга чейин камакта болот.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 90