• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Журналист: ЖК комитети жарандык коомду укпай, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдоп берди

5 Тогуздун айы 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

Варшавада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча эң ири конференциясы өтүп жатат. Анда Кыргызстандан барган журналист Гладис Темирчиева сөз сүйлөп Жогорку Кеңештин комитети жарандык коомду укпай, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдоп бергени тууралуу айтты.

Белгилей кетсек, конференцияга ЕККУга мүчө мамлекеттердин, Кызматташтык боюнча өнөктөштөрдүн, ЕККУнун институттарынын жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттөр аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле 57 катышуучу мамлекеттин тиешелүү тажрыйбасы бар башка кызыктар тараптар катыша алат.

Ал эми Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышып жатат. Конференцияга катышып жаткан журналисттердин айтымында, ал жакка Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнөн барышкан эмес.

«Кыргызстандын делегациясы сөз эркиндигине арналган ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча конференциясына көңүл бурган жок. Ал эми башка мамлекеттерден белген, ошол эле Казакстан, Түркмөнстандан келген делегациялар бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн баяндамаларына жооп берип жатышат», — деп билдиршкен.

Азырынча бул тууралуу расмий өкүлдөрдөн маалымат алуу мүмкүн боло элек.

Конференция ЕККУ аймагындагы адам укуктарынын жана негизги эркиндиктеринин абалын талкуулоого арналган. Конференция ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын баалоо үчүн аянтчаны түзөт жана катышуучуларга өздөрүнүн жүргүзүп жаткан иштерин сунуштай турган форумду сунуштайт жана алар эл аралык коомчулуктун чукул көңүл буруусуна арзыган маселелерди көтөрө алышат.

Иш-чара ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун колдоосу менен 2023-жылдагы Түндүк Македониянын ЕККУга төрагалыгы астында 2-13-октябрда өтөт.

Количество просмотров: 120