• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Журналисттер күнөөлү». Сулайманов курал-жарак жана ачкачылык боюнча айтканын түшүндүрдү

20 Жалган куран 2020 17:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов буга чейинки курал-жарак жана ачкачылык боюнча айткан сөздөрү тууралуу депутат Марлен Маматалиевдин берген суроосуно жооп берип жатып түшүндүрмө берди.

Анын айтымында айрым ЖМК өкүлдөрү айткан сөзүн бурмалап жатат.

«Кечээ күндөн бери баарыбыз ынтымакта болуп, бирге иш алып баралы дегенге кээ бир журналисттердин көнбөй сөздү бурмалап жатканы өздөрүнүн иши. Эртең бүткүл дүйнөдө ушундай кырдаал болушу мүмкүн деген гана ой айтылган»,-деди Сулайманов.

Эске салсак, буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов жогорку трибунадан ачарчылык, тартыштык болсо кылмыштуулук күчөп, эл көчөгө чыгат деген пикрин билдирген.



Количество просмотров: 470