• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Журналисттер кесиптеши Ыдырыс Исаковду Атамбаевден коргоп берүүнү президенттен өтүндү

30 Чын куран 201912:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV

Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду 50 млн.сом өндүрүү максатында сотко берди. Мындай билдирүүнү журналисттер коомчулугу кооптонуу менен кабыл алып, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун дарегине кайрылуу жолдошту.

“Сиз буга чейинки бир катар билдирүүңүздө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, коррупционерлер коомчулуктун алдында ашкереленээрин, кандай гана коррупциялык иштер болбосун анын сот тарабынан аныкталып, өз баасын аларын билдирип, коррупционерлердин атын ачык атоону калайык калктан сурандыңыз эле. Ошондон кийин жарандар, журналисттер да мамлекеттик саясатка таянып, Сизге ишенип коррупцияга баткан тармактар, жетекчилер тууралуу ачык ойлорун билдирип, атайын көрсөтүүлөрдү жасап келишет. Мисалы, «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков салыктан буйтаган «ишкерлер» аталышындагы журналисттик иликтөө жасап, анда Оштогу ири ишкер делген Жалил Атамбаевге таандык бир канча ишканалар мамлекетке жарытылуу салык төкпөй келгенин мисал келтирген эле”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 16