• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Журналисттер кылмыш мыйзамдары талкууланган жыйындан чыгарылды

27 Чын куран 202113:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө.

Анда Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерди залдан чыгып кетүүнү суранды. Анын айтымында, азыр жаңы кылмыш мыйзамдарынын долбоорун талкуулоо гана жүрүп жатат, анын жыйынтыгы жөнүндө айтууга эрте.

Ал эми активист Токтайым Үмөталиева жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине бирдей укук берилиши керек деди. Анын айтымында, жолугушууга басма сөздүн катышуусуна уруксат берүү керек.

Жыйынтыгында залдан журналисттер чыгарылды. Учурда мыйзамдар жабык эшик артында каралууда.

Количество просмотров: 91