• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Журналисттерди сөккөн кызматкер жумуштан алынды

9 Баш оона 201816:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Коомдук телеканалдын (КТРК) журналисттерин сөгүп, акаарат айткан  мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын  басма сөз кызматынан  билдирди.
Кечээ «Ала-Тоо24» каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага  орой мамиле кылган мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын 9-августундагы №22-л буйругуна ылайык жумуштан бошотулду.

https://www.facebook.com/burulai.pusurmankulova/videos/10217853786162891/

Аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле норма этиканы сактабагандыгына байланыштуу этика комиссиясынын тыянагы менен бошотулду деп айтылат маалыматта.

 

Количество просмотров: 15