• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Журналисттердин кармалышы боюнча депутаттар эмне дейт?

17 Үчтүн айы 2024 14:15 Бишкек Govori.TV

16-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар «Темиров LIVE», «Айт, айт десе» долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Журналисттердин кармалышы боюнча депутаттардын пикирин уктук.

Количество просмотров: 159