• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналисттердин сотуна эксперт Азамат Жаныш уулу мажбурлап алып келинет

5 Аяк оона 202412:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-сентябрда Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттун жүрүшүндө Юстиция министрлигинин эксперти Таалайбек Абдыкожоев суралды.
Эксперт журналист Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун сөздөрүндө башаламандыкка чакырыктар бар экенин билдирди.

Бирок, эксперт материалда башаламандыктын белгилери бар экенин тастыктап бере алган жок.

Ал эми эксперт Азамат Жаныш уулу сотко келбей жаткандыгына байланыштуу 12-сентябрда сотко мажбурлап алып келинмей болду.

Эске салсак, ушул жылдын 16-январында 11 журналистке карата кылмыш иши козголгон. Жети
журналист үй камагына чыгарылып, төртөө тергөө абагында кармалууда.

Эл аралык уюмдар журналисттерге коюлган айыптардын негизсиз экендигин билдирип, бийликти көңүл бурууга чакырып келишет. Журналисттер өздөрүнө коюлган айыптардын мыйзамсыз экендигин билдиришүүдө.

Количество просмотров: 151