• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: Чет элдик студенттердин убалына калган медициналык окуу жайлар

18 Бирдин айы 2022 17:19 Бишкек Govori.TV

Министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык окуу жайлардын санын кыскартуу демилгесин айтып чыкты. Өлкөдө медициналык багытта билим берген 17 окуу жай жабылышы мүмкүн.

Менчик окуу жайларды жабуунун мыйзамдык жагы да талаш жаратууда. Анткени ЖОЖдордун лицензиясы сот тарабынан жокко чыгарылышы керек.

Медициналык окуу жайларды жабууга эмне негиз болду? Кайрадан министр болгон Алмаз Бейшеналиев буга чейин жеке окуу жайлар аркылуу билим берүү экспортун колдоп келгени белгилүү.

Ал эми аталган окуу жайлардын өкүлдөрү экономикага жана саламаттык сактоо тармагына салым кошуп жатканын айтышууда.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды «кара тизмеге» киргизген.

Буга Кыргызстандан дарыгерлик диплом алган пакистандыктардын 90% Пакистандагы милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жарабай калганы жүйө келтирилген.

Кийин Кыргызстандын төрт медициналык жогорку окуу жайы «кара тизмеден» чыккан.
Бейшеналиев медициналык окуу жайларды жабуу боюнча маалымат жарыялангандан кийин коркутуулар башталганын айтууда.

Количество просмотров: 1174