• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Журналисттин өлүмү боюнча бир киши кармалды

10 Тогуздун айы 2018 8:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.10.2018.Govori.TV.
Расмий маалыматка караганда, иликтөөчү журналист Виктория Маринованын өлүмүнө байланыштуу бир адам текшерүү жүргүзүү үчүн 24 саатка кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди.
Румыниянын украин улутундагы жараны азырынча кылмышка шектүү катары расмий жарыялана элек.
30 жаштагы иликтөөчү журналист Виктория Маринованын сөөгү 6-октябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Русе шаарчасында, Дунай дарыясынын жээгиндеги парктан табылган.
Полиция журналист сабалып, зордукталып, тумчуктурулганын маалымдаган. Тергөө иштеринде журналисттин жеке жашоосу менен кошо кесиптик ишмердигине да көңүл бурулары айтылган.
Виктория Маринова — Евробиримдик өлкөлөрүндө акыркы он эки айда киши колдуу болгон үчүнчү журналист.
Европа комиссиясы болгар өкмөтүнө “эркин басма сөз болмоюнча демократия жок” экенин эске салып, журналисттин өлүмүн ыкчам жана кылдат иликтөөгө чакырган.
Количество просмотров: 34