Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Быйыл Кыргыз улуттук университетинде медициналык факультет ачылат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын жетекчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Индиянын Бхопал шаарындагы медициналык университет болочок «кыргыз-индия медицина факультетинин» негизги өнөктөштөрүнүн бири катары 27-апрель күнү медициналык факультетти ачууга башкы көмөкчү болоорун айткан. Бул багытта кызматташуу боюнча меморандумга ректор Канат Садыков кол койгон.
Кошумчалай кетсек, учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 21 факультет бар.