• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жусупбекова: Бир жыл ичинде 37 мектеп ачылды

18 Тогуздун айы 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектептердин саны өлкө боюнча 2 миң 296дан 2 миң 333кө жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептерде 1 млн 407 миң 447 окуучу билим алууда.

«Кыргызстанда кыргыз тилдүү 1 миң 399, орус тилдүү 247, өзбек тилдүү 28 жана тажик тилдүү 3 мектеп бар», — деди министрдин орун басары.

Жусупбекова кошумчалагандай, өлкөдө бала бакчанын саны 1 миң 648ден 1 миң 712ге өсүп, бакчаларда 199,8 миң бөбөк тарбияланууда.

Количество просмотров: 102