• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жусупбекова: Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек

16 Баш оона 2022 12:13 Бишкек Govori.TV

Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш», — деди ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Белгилей кетсек, бул жылы Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алат.

Количество просмотров: 216