• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мектеп окуучуларынын формасы кандай болот? Жол кырсыгынан 13 адам жабыркады

16 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 13 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Ош облусунда жол кырсыгынан 13 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарында эки “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаалары жана “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам ар кандай түрдө жаракат алышкан. Тактап айтканда 8 жаран учурда оор абалда жана 5 жаран жеңил жаракат алышкан. Жерине тартылган куткаруучулар жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

МЕКТЕП ФОРМАСЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш», — деди ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз.

Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Бул жылы Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алат.

ӨКМӨТ ЖАҢЫ КУРУЛУШТАР ДОЛБООРЛОРУН ТАЛКУУЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ага ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 175