• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров: Эл алдында берген убадаларымды аткарбасам ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбейт

10 Үчтүн айы 2021 23:03 Бишкек Govori.TV

Саясий кризистен 2-3 жылда чыкса болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда президенттикке таларкер Садыр Жапаров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн саясий стабилдүүлүк керек.

«Акыркы 30 жылда коррупция кулачын кенен жайды. Эми жемкорлукка жол бербейбиз. Ар кыргызстандык жемкорлук менен күрөшүүдө мага жардам беришиңиздер керек. Мурунку бийликтин каталарын кайталабашыбыз керек. Ким болбосун мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Уурулардын тили буудай кууруп, баштары компьютердей иштегендер экен. Кыйынчылыкты ынтымак, биримдик менен жеңебиз. Элдин жашоошусун оңдоо боюнча берген убадаларымды аткарбасам ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбейт», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыгы чыгарды. БШКнын маалыматы боюнча, жалпы 1 млн 381 миң 569 шайлоочу добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 38,77%ын түзөт (сандар эсептөөгө жараша өзгөрүлөт). Талапкерлердин арасында Садыр Жапаров – 79.24 пайыз менен алдыда келе жатат.

Количество просмотров: 1554