• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жыгач иштетүүчү ишканадан өрт чыкты

25 Тогуздун айы 202312:25 Бишкек Govori.TV

Жыгач иштетүүчү ишканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү Бишкектин Ленин районунун Теңдик конушунда жайгашкан жыгач иштетүүчү ишканадан чыккан өрт саат 08:29да чектөөгө алынып, саат 11:42де толук өчүрүлдү.

«ЛесПром Азия жыгач материалдарын иштетүүчү заводдун имаратынын ичиндеги жыгачтын калдыктары өрттөнүп, анын аянты 80 чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ичиндеги станоктор жана имарат сакталып калды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 119