• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жыргалбек Шамыралиев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду 

1 Жалган куран 2018 18:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.03.2018.Govori.TV.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык  Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри Шамыралиев Жыргалбек Жумадилович берген арызына ылайык элеген кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, Токмок шаарындагы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматчылары жылдын башынан бери айлык маяна алыша электигин алар Президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдошконун Govori.TV маалымат агенттигине билдиришти.
Алар белгилегендей, аталган башкармалыктын кызматкерлердин айлык маянасы КРнын Социалдык коргоо министрлигинен эмес, жергиликтүү бюджеттен каралаары маалым болгон. бирок, Токмок шаардык мэриясы азыр бюджетте каражат жок экендигин айткан. “Биз социалдык жактан аялуу болгон элдин катмары менен-майыптар, аз камсыз үй-бүлөөлөр, кары-картаңдар, жетим-жесирлер менен иш алып барабыз. Жумушубуз абдан оор жана тобокелдиктерге баарууга туура келет. Ансыз деле айлык маянабыз жашообузга өп-чап жетип турганда январ айыннын айлык маянасын ала элекпиз, февраль айы жарымдап калды, бул айга да аванс алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Жетекчилик болсо бюджетте каражат жок, каалаган жагыңарга арыздангыла же чыдап иштегиле деген жоопту айтты. баарыбызда бала-чака бар, мойнубузда насыялар бар, жумушчулар кыйналып кетишти”,-дейт Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү  башкармалыгын кызматчыларынын бири Курманалиева Бакиза.

Количество просмотров: 35