• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жыл башынан бери 135 млрд 728,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

10 Баш оона 2023 17:01 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-июль айларында 135 млрд 728,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп.

Чогулган каражаттардын ичинен 99 млрд 167,8 млн сом салык жана төлөмдөргө, ал эми 36 млрд 560,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

«Белгилей кетсек, контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга оң таасирин тийгизүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай. мындан тышкары, салыктык башкарууну күчөтүү, ошондой эле салык жол-жоболорун жакшыртуу аркылуу ушундай жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүн болду. Ошондой эле, экономиканын ар кандай тармактарын системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзүү – салык жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүүдө.

Количество просмотров: 93