Жыл башынан бери 222 бала зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы үч жыл ичинде балдарга карата зомбулук көбөйдү.
«2021-жылы жүз миңден ашык биздин жарандар чет өлкөгө иштеп кетишкен, балдары жакын туугандарында калган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир районунда атайы комитеттер иш алып барат. Алар 476 миң үй-бүлөгө барып, балдардын жашоо шарты менен таанышып келишкен. Анын жыйынтыгында зомбулук фактылары да аныкталды. 2022-жылдын эсебинен балдарга карата зомбулуктун 222 учуру катталды. Аталган факт боюнча чаралар көрүлдү. Алсак, Сокулукта сабалып, ушул тапта Бишкектин № 3 балдар ооруканасында жаткан Егордун абалы менен тааныштык. 2 жаштагы бөбөккө тиешелүү жардамдар берилип жатат»,-деди министр.
Эске салсак, 3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.