• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте көчөдө аялын сабаган эркекке иш козголду

12 Чын куран 2021 9:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көчөдө эркек киши аялын сабап салды.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-апрелде 19:00 чамасында Бишкектин Кустанай жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат «102» кызматына түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 27 жаштагы Ш. Ж. аялын сабаганын аныктаган. Ш. Ж. милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

Интернетте көчөдө бир адамдын кызды кууп жүрүп, сабап жатканы тартылган тасма тараган. Тасма күндүз Бишкектин көчөлөрүнүн биринде тартылган. Анда 18-20 жаштардагы кыз эркектен качып, жолдогу кишилерден жардам сурап жатканын көрүүгө болот. Тасманы тартып жаткан адам милицияга маалымдап, окуя Бишкектин Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде болуп жатканын түшүндүргөнү угулат.

Количество просмотров: 2667