• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жыл башынан бери азык-түлүк 12,5%га кымбаттады

12 Теке 202215:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2022-жылдын январынан тарта тамак-аш жана алкоголдук эмес суусундуктардын баасы 12,5%га кымбаттады. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Ал алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 11,8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 3,8%га өскөнүн айтты.

«Керектөө баалары жана тарифтер үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган. Мында баанын максималдуу өсүшү 12,4%га Нарын облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу эң көп, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына — 24,2%га кымбаттаганы менен шартталган», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 123