• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Экономика министри азык-түлүктүн баасы жакынкы аралыкта кымбаттайбы же жокпу айтып берди…

26 Бирдин айы 2022 12:12 Бишкек Govori.TV

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы экономикалык каатчылыкка байланыштуу жакынкы аралыкта кымбаттайбы же жокпу айтып берди.

Анын айтымында, ЕАЭБдеги өнөктөштөргө каршы чектөөлөрдү жана санкцияларды киргизүү пландалып жатканына байланыштуу бүгүнтөн тарта антикризистик чаралардын планын иштеп чыгуу башталды.

«Сиздер улуттук валютанын долларга, рублга жана теңгеге карата кескин туруксуздугуна күбө болдуңуздар. Бир күн мурун мен кесиптештерим – Казакстандын жана Россиянын экономика министрлери менен сүйлөштүм. Бул өлкөлөр да улуттук валютаны жана улуттук экономиканы колдоо боюнча шашылыш планды кабыл алышат.

Бир күн мурун Улуттук банк курсту кармап туруу үчүн интервенция жасады. Доллардын курсунун көтөрүлүшүнө байланыштуу рынокто орун алган ызы-чууларды азайтуу үчүн жетиштүү каржы ресурстары сунушталды.

Бирок интервенция болжол менен 13 миллион долларды түздү, бул көрсөткүч жасалма түрдө жогорулатылганын көрсөтүп турат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө рынокто чет элдик валютанын тартыштыгы жок. 6 айдын ичинде экспорттук-импорттук операцияларды камсыз кылуу үчүн өкмөт менен Улуттук банкта жетиштүү алтын-валюта резерви бар деп ишендиргим келет. Бул биз валюталарды эркин конвертациялап, экспорт-импорт балансыбызды камсыздай алабыз дегенди билдирет», — деди Экономика министри.

Андан ары Данияр Амангелдиев базарда азык-түлүктөр боюнча чуу жаратпоого чакырды.

«Биздин жеткирүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Республикада бардык азык-түлүктөр толук көлөмүндө. Ал эми жарма, ун, 6 айлык запасы бар. Баалар кескин жогорулаган учурда өкмөт аларды социалдык мааниге ээ продукцияга жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрөт жана алып-сатарлык маанайга жол бербейт», — деп кошумчалады министр.

Количество просмотров: 393