Өлкө экономикасы үчүн антикризистик чаралардын жыйындысы иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Бааларды талдоо секторунун башчысы Залкарбек Абышовдун айтымында, азык-түлүк бир айдын ичинде 20 же андан ашык пайызга кымбаттаса мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
«Министрлер кабинети жана ассоциациялар менен бул жаатта антикризистик план иштелип чыкты. Анда бир гана бааларга эмес, валюта рыногу азыркы учурга байланыштуу бардык жагдайлар камтылган. Азык-түлүктүн баасына байланыштуу ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кумшекердин баасы маркеттердин кардарлары үчүн 67 сомдон ашпашы керек. Бул баада ар бир сатып алуучуга суткасына 1 килограммдан гана сатылат. Андан ашканына коммерциялык баа коюлат, запастар бар. Бүгүнкү күндө чек аралар ачык. Керектүү товарлар келип жатат»,-деди ал.