Жыл башынан бери бажы органдарында 1,2 миң аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев билдирди.
«Анын ичинен 1 миң 123 фактысы боюнча өлкө бюджетине 8,2 млн сом чегерилген. Мындан тышкары, жалпы укук бузуу фактылары боюнча 72,2 млн сом өндүрүлүп, бюджетке түшүүлөр 2022- жылга салыштырмалуу 160%га өскөн”, — деди ал.
Салиев белгилегендей, кылмыш иштери боюнча 77 факты укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген, иш каралгандан кийин бюджетке 66,1 млн сом чегерилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 36,6 млн сомго көп.