• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аткезчилик товарларды КРнын аймагынан мыйзамсыз алып өтүү ишине бөгөт коюлду

30 Теке 2022 18:26 Бишкек Govori.TV

УКМК маалымдагандай, УКМКнын Чек ара кызматынын “Кызыл-Кыя” чек ара заставасынын кызматкерлери тарабынан 17нен 18-июлга караган түнү аткезчилик товарларды Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз алып өтүү ишине бөгөт коюлду.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Палман айылынын үйлөрүнүн биринин жашочусу А.Т., 39 коробка (12 870 даана) стоматологиялык буюмдарды (стоматологиялык инструменттерди сактоо үчүн бир жолу колдонулуучу топтоо кутуларын) табышкан.

Баткен облусунун Соода-өнөр жай палатасы жүктүн баасын 643 миң 500 сом деп белгилеген.

Башкармалык белгилегендей, жаран А.Т., ЕАЭБдин бажы чек арасын айланып өтүп, Өзбекстан Республикасынын аймагына жүк ташууну көздөгөн.

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 205