• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Баткенде чек арачылар аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармекти аныктады

8 Чын куран 2023 12:30 Бишкек Govori.TV

Баткенде чек арадан аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Дөбө айылында Россия Федерациясынын мамлекеттик Р516Х777 номурлуу “Ауди-100” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен “Лефлоксин 500 мл” дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылып, унаа жүгү менен бажы терминалына коюлган.

Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 195