• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жыл башынан бери өлкөдө кызамыктын 536 учуру аныкталды

22 Үчтүн айы 2024 13:28 Бишкек Govori.TV

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, аймактар ​​боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.

Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:

• 1 жашка чейин – 182 учур;

• 1 жаштан 4 жашка чейин — 201 учур;

• 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 учур;

• 10 жаштан 14 жашка чейин — 22 учур; 

• 15 жаштан 19 жашка чейин — 13 учур;

• 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 учур;

• 30 жаштан жогоркулар — 17 учур.

Республикада кызамык оорусу 2023-жылдын 1-жумасында Бишкек шаарында башталып, Түркиядан жана Россия Федерациясынан жуктуруп келген учур катталып, генотиптөө үчүн анализдер алынып, культураны изилдөөлөрдөн кызамык вирусунун D8 генотиби аныкталган.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун жалпысынан 7046 учуру катталды, интенсивдүү көрсөткүч 100 000 калкка (100,1). Оору жуктургандардын көпчүлүгү (43,5%) 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагылар.

Количество просмотров: 94