• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жыл башынан бери мыйзамсыз акча алмаштырган 14 адамга айып салынды

8 Баш оона 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз акча алмаштырган 14 адамга айып салынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренесине ылайык, мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз (күбөлүксүз) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошуу менен банк операцияларын жүргүзүү жеке адамдарга 175 эсептик көрсөткүч (17 миң 500 сом), юридикалык жактарга – 550 эсептик көрсөткүч (55 миң сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

«Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн валюта рынокторунда орун алып жаткан жагдайлардан улам, учурда түптөлгөн шарттар жана жагдайлар валюта алмашуу боюнча жөнгө салынбаган ар кандай рыноктордун пайда болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүп жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Улуттук банк туруктуу негизде лицензиясыз иш алып барууга бөгөт коюу чараларын жүргүзүп турат, алардын алкагында укук коргоо органдары менен биргеликте Улуттук банктан лицензия албастан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн жактарды аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп турат», — деди Нурбек Жеңиш.

Ал Улуттук банк учурда жагдайды көзөмөлдөп жатканын, зарылчылык келип чыкса өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин андан ары камсыздоо үчүн кошумча чараларды көрөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 57