• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мыйзамсыз акча алмаштырган 6 жаранга айып салынды

14 Бештин айы 2023 10:08 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган 6 жаранга айып салды. Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун аймагында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан М.Ж.А. аттуу кыргыз жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн А.у.А., А.Б.Б., К.Ж.А., Т.А.А., Т.М.А. аттуу Кыргызстандын 5 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Количество просмотров: 76