• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жыл башынан бери Соцфондго дээрлик 10 миң арыз жана кайрылуу түшкөн

8 Бештин айы 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Социалдык фонддун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 9 миң 872 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 409;
  • ооз эки кайрылуулар – 840;
  • электрондук кайрылуулар – 213.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле Социалдык фонддун төрагасынын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 114 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фонддун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында 5283 телефон чалуу жана уюлдук телефон аркылуу 3 миң 13 чалуу түшкөн.

Количество просмотров: 666