• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жыл башынан бери Тажикстандын 126 жараны Британияга жумушка жөнөтүлдү

26 Теке 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министрлиги жыл башынан бери Улуу Британияга иштөөгө 126 киши жөнөтүлгөнүн билдирди.

Мекеме башчысы Ширин Амонзоданын айтымында, бүгүнкү күндө дагы 200 жаран британ визасын алганы турат. Алар Улуу Британияда негизинен күнөсканаларда иштеп, мезгилдик жумуштарды аткарышат.

«Азыр министрлик тажик мигранттарын кабыл ала турган өлкөлөрдүн санын көбөйтүүгө аракет кылып жатат. Быйыл биздин делегация Түштүк Кореяда болуп, биздин жарандардын бул өлкөдө иштөөсүн талкуулаган. Бүгүнкү күндө Түштүк Кореяда иштөөнү каалагандардын тизмеси даярдала баштады», – деди Амонзода.

1990-жылдардан бери Орусия тажик мигранттарын кабыл алган негизги өлкө болуп эсептелет. Тажикстандык жумушчулардын саны боюнча экинчи орунда Казакстан турат.

Түрдүү маалыматтар боюнча, учурда Орусияда иштеп жана жашап жүргөн тажикстандыктардын саны 1 миллиондон ашат.

Расмий статистикага ылайык, Тажикстанда 60 миңге жакын киши жумушсуз. Бирок бейрасмий маалыматтарда алардын саны кыйла көп экени айтылып келет.

Количество просмотров: 271