• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жыл башынан бери темир жолдогу кырсыктан 6 адам каза болгон

15 Аяк оона 202312:33 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери темир жолдогу кырсыктан 6 адам каза болду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Темир жолчулар белгилегендей, кырсыктын негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандык эсептелет.

«2023-жыл башынан бери темир жолдо 76 жолу поезддерди чукул токтотуу фактылары катталган. Анын ичинен 67 учурда кагылышуу алдын алынып, адамдардын өмүрү сакталган. Тилеке каршы 3 адам жаракат алып, 6 адам каза болгон»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 87