• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жыл башынан бери Жапаров 22 чет элдик визит жасады

7 Бештин айы 2023 17:23 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери президент Садыр Жапаров 22 чет элдик визит жасады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын экөө мамлекеттик сапар болду: Кытайга (17-20-май) жана Монголияга (9-11-июль). Расмий сапары менен өлкө башчысы Бельгия, Россия жана Японияга барды. Ал эми иш-сапары менен мамлекет башчысы 17 өлкөдө болду: Түркия, Россия, Казакстан, Кытай, Сауд Аравиясы, Венгрия, Тажикстан, АКШ, Германия, Өзбекстан, Франция, Беларусь, Азербайжан жана БАЭ.

2023-жылы 589 эл аралык келишим жана документ даярдалган, анын ичинен 139у эки тараптуу болсо, 450сү көп тараптуу.

Ошондой министр белгилегендей, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18 жолу чет өлкөгө чыккан: Казакстан, Өзбекстан, Россия, БАЭ, КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялык округу, АКШ, Армения, Германия жана Улуу Британия.

Количество просмотров: 88