Кыргызстанда 10 айда жол эрежелерин бузуудан мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 10 айдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.
Анда жыл башынан тартып жалпысынан 890 миң 461 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлгөнү айтылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 млн момго көп.
Алардын ичинен:
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 миң 400 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди.
Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулду.