• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: Тажаткан таажы илдети, күрөш аяктай элек…

27 Бештин айы 2020 17:00 Бишкек Govori.TV

Узап бара жаткан 2020-жылды бир сөз менен кандай мүнөздөйсүн же сүрөттөйсүң деген суроо узатылса көпчулүгүбүз  “Коронавирус” деп жооп берсек керек…

Жыл башы Кытайда коркунучтуу вирус тарап жатыптыр деген кабарлар менен башталды. Бул вирус Кытай өлкөсүнүн чегинен чыгып, дүйнөнүн башка да мамлекеттерин каптады. Биздин өлкө да эл катарында вирусту жолотпоо аракетин көрүп, өкмөт вирусту тосуп алууга даярбыз деп жатты.

Дүйнө жүзүн тез ылдамдыкта каптап жаткан вирус Кытай менен чектеш болгон биздин өлкөгө ааламды кыдырып, акыры жетти. Алгачкы учур март айында катталды. Кытай тараптан келери күтүлүп жаткан вирус Кыргызстанга такыр башка жол менен келди.

Зыяратчылар ыйык жерден келе жатканын айтышып, даарылануудан баш тартып жаткандары айтылды. Ал ортодо вирус жок, ал жөн гана саясат дегендер чыкты. Ал эми өкмөт баары тыкыр көзөмөлдө экенин байма-бай айтып жатты, ага ишенген Президент да кыймылдаган жок.

Алгачкы учур катталгандан бир апта өтүп өтпөй өлкөдө удаасы менен өзгөчө кырдаал, андан соң өзгөчө абал кирди. Коомдук жайлар жабылды.

 Коменданттык саат жарыяланган аймактын жетекчилери элди көчөөгө себепсиз чыгуусуна бөгөт коюшту. Ким баш ийбесе жоопкерчиликке тартылат. Адамдар карантинге камалып, аралыктан иштөөгө, окууга аргасыз болушту. 

Толук карантинге жабылган эл өз көйгөйлөрү менен жекеме жеке жалгыз калды. Себеби биз толук даярдыз деген өкмөт да өлкө башчы да элден алыс болду…

Өлкөдөгү чектөөлөр, адамдардын кыймылынын көзөмөлдөнүүсү терс кептерди жаратты.  

Ал арада Кыргызстанда коронавирустан каза болгон алгачкы учурлар катталды. Өкмөттүн отставкасын талап кылгандар чыкты… Абылгазиевдин кызматтан кетүүсү күтүлүп жаткан учурда Социалдык тармакты караган вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  кызматтан алынды. Ал эми экономика төмөндү карай түшүп баратканы айтылды.

 Чектөөлөр эркин маалымат каражаттарына да кирди, сырка чыгып ээн-эркин маалымат алууга бөгөт коюлуп, коомчулукта маалыматтын жетишсиздиги жаралды. Ошол эле учурда мамлекеттик маалымат каражаттары иштеп, өлкөдө баары көзөмөлдө экенин айтып, өкмөт өздөрүнө керектүү маалыматтык вакум түзүп, коомчулукту жоошутуп жатты.

Акыры өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетти. Бирок, коронавируска ээ боло албай калганы үчүн эмес, башка эле жыштык чырынан улам ордун тапшырды. Аны кол чаап коштоп, топтолуп алып узаткан өкмөт аппаратынын жүзгө чукул кызматкерлери оор кырдаалда эреже сактабай беткапсыз сүрөткө түшүп, сын кептерге татышты.

 Пандемия курч кезде бет кап тагынбаган Президент Сооронбай Жээнбековдун кылыгы  карапайым элдин коронавируска ишенимин төмөндөткөн себептердин катарына кирди.

Камалып жаткан эл бошонуп, жыйынтыгы июль трагедиясына алып келди. Ал күндөрү Ковидден күнүнө жүздөгөн адам өлүп, жуктургандардын саны кескин көтөрүлдү.

 Коронавирус пандемиясында жаралган абалга бийликтин эч бир бутагы жоопкерчилик алгысы келген жок. Ал эми өлкө башчы тескерисинче жарандардын кайдыгерлигине нааразы болду.

 Өлкөдө коронавирустан каза болгон жарандарды эскерүү үчүн 30-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды. Вирус карапайым элден баштап, белгилүүсүн, байын да, кедейин да аяган жана тандаган жок.

Туңгуюкка кептелген абалдан чыгууга ар тармактан келген ыктыярчылардын көмөгү зор болду. Карантинде камалып, даары дармекке жетпей, ачка олтурган эл,  ишенип шайлаган депутаттарысыз, ажосуз жана өкмөт башчысыз өз шору менен калган учурда волонетерлер жардамга келди.

 Кыскасы коронавирусту өкмөт эмес эле ыктыярчылардын жардамы менен эл өзү жеңди. Ал эми өкмөт бетине кармаган 100 орундуу 3 оорукана курду. Чет элдик донорлордон, уюмдардан, башка өлкөлөрдөн жана өз элинен чогулган миллиондогон доллар каражаттын кайда кеткени тумандуу кептер менен коштолду.  Айтымында каражат тешик бюджетти бүтөөгө корогон. Айта кетсек падемия башталгандан азыркы күнгө чейин өкмөттүн да, президенттин да алгылыктуу антикрисизтик планын көрө алган жокпуз.

Жыйынтыктап айтканда Covid-19 пандемиясы менен болгон катаал күрөштө  карапайым эл кандайдыр бир сабак алса да, өкмөт сабак алган жок. Бийлик колунда жок кезде «антет элем», «минтет элем» деп жатып бийликке келген кадрлар балкып турган бийликтин сазына чөгүп кеткенин өздөрү да байкабай калууда.

Пандемия менен болгон күрөш али да токтой элек… Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун мутацияланган түрү чыгып жатканын расмий билдирди.

Ал эми коронавирустун 2-толкунунун жогорку чеги 2021-жылдын февраль айларына  туура келээри айтылды. Учурда өпкөнү жабыркаткан бул илдетти өлкө боюнча 80 миңден ашуун адам жуктуруп, 73 миңден ашыгы айыкты. Ал эми  бул илдеттен улам 1300 дөн ашуун адам көз жумду.

Туруктуу бийлик бар кезде ээ боло албай калган пандемияга  азыркы убактылуу бийлик менен кантебиз деген суроолор жаралбай койбойт.

Количество просмотров: 217