• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жылдыз Бакашова Навафа Абдулла Аль-Хаммадини кабыл алды

13 Аяк оона 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Qatar Charity Катар кайрымдуулук уюмунун глобалдык программасы боюнча директору Навафа Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Кыргызстанда Катар кайрымдуулук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор тууралуу пикир алмашты.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргызстан Катар менен бардык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет, өлкө эки мамлекет ортосундагы мамилелелерди чыңдоого кызыкдар.

Ал өлкөнүн алыскы райондорундагу социалдык мекемелерди куруу, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана Кыргызстандын мамлекеттик программалары алкагында жергиликтүү калктын аяр катмарына көмөк көрсөтүүдө кызматташтыкты улантууга чакырды.

Өз кезегинде Катар кайрымдуулук уюмунун директору Наваф Абдулла Аль Хамади маалымдагандай, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы атайы долбоорлорду ишке ашыруу улантылат.

Ошондой эле ал белгилегендей, социалдык жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү туруктуу иш менен камсыздоо үчүн өндүрүү жана тейлөө көрсөтүүгө байланыштуу киреше алып келүүчү долбоорлорго басым жасалат.

Количество просмотров: 160